03:11
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Казакстандагы кырдаалдан улам ЖККУ кезексиз сессияга чогулат

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезексиз онлайн жыйынына катышат. Анда Казакстандагы соңку кырдаал жана аны жөнгө салуу жолдору талкууланат.

Мунун алдында ЖККУнун Казакстанга жөнөтүлгөн аскерлеринин командири Андрей Сердюков аталган уюмдун жоокерлери Алматы менен анын жака-белиндеги стратегиялык объектилерди «көзөмөлдөп» жатканын, алар кырдаал толук жөнгө салынганча болорун кабарлаган.

Ушул тушта Казакстанда ЖККУнун канча жоокери бар экени беймаалым, айрым бир булактарга караганда алардын саны миңден ашат жана басымдуу бөлүгү Орусиядан жөнөтүлгөн.

Уюмдун бейкуттук күчтөрүнүн миссиясынын курамына кирген Кыргызстандын 150 аскери 7-январда Алматыга жеткирилген.

Буга чейин Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен казак бийлигинин «ондогон адам каза тапкан каршылык акцияларын басууга ЖККУнун аскерлерин жардамга чакырганы суроолорду жаратат» деп билдирген.

Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы азырынча белгисиз. Бийлик буга байаныштуу расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги 164 адам өлгөнүн жарыялаган, бирок көп өтпөй өкмөт муну «техникалык» ката деген негизде четке каккан.

Буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана «куралчан» 26 адам өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыда эки бала октон кайтыш болгонун билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, жалпысынан алты миңге чукул адам кармалды. Президент жана бийликчил маалымат каражаттары Казакстандагы башаламандыктарды «чет жерде даярдыктан өткөн террорчулар» уюштурганын билдирип жатат.

Казак полицияы кармалгандардын арасында «кошуна мамлекеттердин жарандары» бар экенин билдиргени менен кайсы өлкөлөрдүкү экенин тактаган эмес.

Бүгүн Казакстан соңку кайгылуу окуялардан улам аза күтүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар