14:01
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 198 кишиден вирус аныкталып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда 10-январга карата коронавирус дагы 198 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 136, Ош шаарында - 13, Чүй облусунда — 10, Ош облусунда — 29, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 66 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 42, Ош шаарында - 8, Чүй облусунда — 3, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда — 9 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 459 бейтап, амбулатордук түрдө 952 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 65 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 347 киши айыгып чыкса, 2 миң 819 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума
16-май, бейшемби