16:56
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 41 кишиден вирус аныкталып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда 30-декабря карата коронавирус дагы 41 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 24, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 4, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 48 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 15, Чүй облусунда — 11, Ош облусунда — 3, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 8, Баткен облусунда — 6 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 255 бейтап, амбулатордук түрдө 315 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 633 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 778 киши айыгып чыкса, 2 миң 800 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар