17:51
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 40 кишиден вирус аныкталып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда 29-декабря карата коронавирус дагы 40 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 14, Чүй облусунда — 9, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 7, Баткен облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 50 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 16, Чүй облусунда — 19, Ош облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 266 бейтап, амбулатордук түрдө 312 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 592 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 730 киши айыгып чыкса, 2 миң 799 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума