07:25
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барат

Садыр Жапаров эртең 28-декабрда Санкт-Петербург шаарында өтө турган КМШ мамлекеттеринин беймарал жолугушуучуларына катышат. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага Белорусь Президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Россиянын Президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеевдин катышуусу күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар