18:10
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 39 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 24-декабря карата коронавирус дагы 39 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 23, Чүй облусунда — 3, Ош облусунда — 1, Ош облусунда — 4, Ысык-Кол облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 55 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 33, Ош шаарында — 7, Ош облусунда — 3, Чүй облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 3 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 287 бейтап, амбулатордук түрдө 337 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 395 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 497 киши айыгып чыкса, 2 миң 790 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума