17:18
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 51 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 21-декабря карата коронавирус дагы 51 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 14, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 16, Ош облусунда — 3, Ысык-Кол облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 9, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 41 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 20, Ош облусунда — 3, Чүй облусунда — 4, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 7, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 303 бейтап, амбулатордук түрдө 345 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 269 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 352 киши айыгып чыкса, 2 миң 786 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар