Президент Садыр Жапаровду Жалал-Абад облусунун Барпы айылында ашыкча шаан-шөкөт менен тосуп алган окуя иликтенет. Бул тууралуу өлкө башчысынын пресс-катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, Садыр Жапаров мындай иштерге каршы чыгып келет.
Белгилей кетсек, Барпы айылында эл жол боюна чыгып, колуна туу кармап, президентти тосуп алган.

