08:59
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 28 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 15-декабря карата коронавирус дагы 28 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 13, Чүй облусунда — 4, Ош облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда — 6, Баткен облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 43 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 22, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 10, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 1, Ысык-Кол облусунда — 3, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 317 бейтап, амбулатордук түрдө 354 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 55 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 123 киши айыгып чыкса, 2 миң 775 адам каза болду.