Жогорку Кеңеш бүгүн депутат Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчү боюнча депутаттык комиссиянын чечимин карайт. Маселе күн тартибине киргизилди.
Депутаттык комиссия Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга каршы чечим чыгарды.
Аты аталган эки депутат «Кумтөр» иши боюнча камакка алынган.