21:01
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кызды зордуктоого аракеттенген жаранга Сокулуктан көчүп кетүү талабы коюлду

Сокулук районуну Исмаил айылында кызды зордуктоого аракет жасоого шектелип кармалган жарандын үй-бүлөсүн бир сутка ичинде айылдан көчүп кетүү талабы коюлду. Бул тууралуу район тургундары бүгүн аким жана ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги менен жолугушууда билдирди.

Район тургундарынын айтымында, шектүү мындан мурда эки жолу зордуктоого айыпталып кармалып, бирок бошонуп кеткен.

«Бул үчүнчү жолу болуп жатат. Бул элга маалым болгон гана. Коркуп, уялып айтпай калгандар канча. Андыктан үй-бүлөсү менен көчүп кетсин. 24 саат беребиз», — дешти алар.

Белгилей кетсек, 16 жашар кызды 5-декабрь күнү айылдашы зордуктоого аракет жасап, уруп-сабап салган.

Эң көп окулган жаңылыктар