Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын абагына киргизилди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Ысык-Ата шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Акбөкөн Таштанбековго каршы кылмыш иши козголгон. Социалдык тармакта анын жарандын улутуна карата коркутуп-үркүткөн видеосу жарыялаган. Жарандар укук коргоо органдарынан улуттук, аймактык касчылыкты козгогондорго каршы чара көрүүнү талап кылышкан.
БШК Акбөкөн Таштанбековду жоопкерчиликке тартууга уруксат берди.