07:47
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 63 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 7-декабря карата коронавирус дагы 63 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 21, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда — 24, Ош облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 7, Жалал-Абад облусунда — 6 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 59 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 18, Чүй облусунда — 17, Ош облусунда — 6, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда — 9, Баткен облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда — 5 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Баткен облусунда бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 407 бейтап, амбулатордук түрдө 350 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 712 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 710 киши айыгып чыкса, 2 миң 755 адам каза болду.