03:27
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 53 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 1-декабря карата коронавирус дагы 53 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 18, Чүй облусунда — 10, Ош облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 7, Жалал-Абад облусунда — 7, Баткен облусунда — 8 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 102 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 51, Чүй облусунда — 11, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 16, Баткен облусунда — 17 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Чүй облусунда үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 378 бейтап, амбулатордук түрдө 466 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 404 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 332 киши айыгып чыкса, 2 миң 749 адам каза болду.