Бишкектеги «Кореана» кафесинде ырчы Иса Өмүркулов тамак-аш үчүн акыны төлөбөй койгон. Бул тууралуу 24.kg агенттигине кафеден билдиришти.
Маалыматка караганда, ырчы кафеге келип, кыздардын үстөлүнө олтурган. Ал столго коюлган тамак-аштын чыгымын төлөп берерин айткан.
«Ал өзүнө гана төлөп, кыздар үчүн төлөөдөн баш тарткан. Азыр чырдын катышуучуларын Октябрь райондун ички иштер башкармалыгына алып кетишти», — дейт ал.