04:28
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ноябрда эс алуу күнү уланышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы президенттин 7-8- ноябрь боюнча сунушун колдоду. Бул тууралуу чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

Фракция лидери Иса Өмүркулов, башка фракциялар дагы колдоого алса, 8-ноябрь эс алуу күнү катары 2017-жылдын календарына кирип каларын белгиледи.

Депутаттар тарыхты эскерүү күнүн белгилөө сунушун колдоп, мында эч бир Россияга каршы көрүнүш жоктугун айтышты.

Эскерте кетсек, кечээ президент 7-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары өзгөртүүнү, ал эми 8-ноябрды Эскерүү күнү катары белгилөөнү сунуштаган. Буга чейин Кыргызстан 7-ноябрды

Октябрь революциясынын күнү катары белгилеп, эс алып келишкен.

Кыргызстандын бул демилгесине Россиянын айрым депутаттары сын айтышты.

Эгер парламент колдоого алса, анда ноябрь айында кыргызстандыктар катары менен 5 күн эс алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар