11:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Иса Өмүркулов: Мени партиядан чыгаргандар, Апрель ынкылабынын идеалын саткандар

Иса Өмүркулов КСДП партиясынан чыгарылгандыгы тууралуу түшүндүрмө берди. Айтымында, саясий кеңештин чечими легитимдүү эмес дейт. Ал партиядан чыгаруу боюнча ким добуш бергенин караган жок.

«Мени партиядан чыгаргандар, Апрель ынкылабынын идеалын саткандар. Мен жана үй-бүлөм ар кандай коркутууларга карабай КСДПны жана анын төрагасын колдогонбуз», -деди ал.

«Менин тууганым 7-апрелде Ала-Тоо аянтында каза болгон. Мени партиядан чыгаргандар, дагы бир жолу кайталайм, каза болгон балдардын элесин сатып кетишти. Мен эч кимди саткан эмесмин, бул жылдар аралыгында Алмазбек Атамбаев менен бирге болдум. Мен моюн сунуп отуруп бербейм, акырына чейин күрөшөм», -деди Иса Өмүркулов.

Ал партиядан өз ыктыяры менен жөн гана кетип калууну туура көрбөй турганын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар