01:02
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Иса Өмүркулов 2016-жылы мал сатып 4,2 миллион сом тапкан

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 2016-жылы мал сатып 4 миллион 200 миң сом тапкан. Бул тууралуу депутаттын Мамлекеттик кадрдык кызматында жарыяланган декларациясында көрсөтүлгөн.

Иса Өмүркуловдун бир жылдык айлыгы 944 миң 510 сом. Өткөн жылы ал эч нерсеге акча сарптаган эмес. Депутат 7 жер үлүшү, эки жер тилкеси жана малканасы бар.

Жакындары батир, эки имарат, эки үй, малкана жана жер тилкелерине ээлик кылат. Үй-бүлө мүчөлөрү былтыры 165 миң сомго автоунаа сатышкан. Ишкерликтен 188 миң 750 сом табышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби