05:46
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 69 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 23-ноябрга карата коронавирус дагы 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 30, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 19, Талас облусуна − 3, Ысык-Көл облусунда — 7, Нарын облусунда — 1, Баткен облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 44, Чүй облусунда — 14, Ош облусунда — 14, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 18, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 4 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 458 бейтап, амбулатордук түрдө 633 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 953 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 599 киши айыгып чыкса, 2 миң 729 адам каза болду.