10:23
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 51 кишиден вирус аныкталып, 4 бейтап каза болду

Кыргызстанда 22-ноябрга карата коронавирус дагы 51 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 29, Чүй облусунда — 1, Талас облусуна − 2, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 7 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 57 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 41, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 5, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Баткен облусунда бирден, Чүй облусунда эки бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 910 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 867 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 483 бейтап, амбулатордук түрдө 641 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 884 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 499 киши айыгып чыкса, 2 миң 727 адам каза болду.