18:09
USD 86.80
EUR 91.85
RUB 0.85

COVID-19. Бир суткада 60 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 19-ноябрга карата коронавирус дагы 60 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 317, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 8, Ош облусуна −6, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 5 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 89 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 43, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 18, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 13 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 538 бейтап, амбулатордук түрдө 650 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 727 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 289 киши айыгып чыкса, 2 миң 718 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар