Парламенттик шайлоонун үгүт иштеринде мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу бир катар жетекчилер кызматтан алынып, айрымдарына сөгүш жарыяланды.
«Азаттык» радиосу билдиргендей, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун каарына бул жолу Ош мамлекеттик университетинин ректору, педагогика факультетинин деканы жана үч окутуучусу калды. Андан тышкары билим берүү министрине жана Ош шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-ноябрда шайлоо жараянынын ачыктыгын камсыздоодо көрүлүп жаткан чаралар тууралуу билдирүү жасады.
Шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына жана президенттин жарлыгын жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгына байланыштуу Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, педагогика факультетинин деканы Б.Муратбаев жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу иштен алынган.
Ошондой эле билим берүү жана илим министри Болотбек Купешовго жана Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланды.
Акылбек Жапаров үгүт иши башталгандан бери шайлоо мыйзамын бузганы үчүн Лейлек районунун акими убактылуу кызматтан алынып, Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланганын дагы белгиледи.
Өткөн аптада Ош шаарынын борбордук аянтына Ош университетинин педагогика факультетинин мугалимдери бир канча студентти «Азаттык» партиясынын талапкерлери менен жолугушууга алып барганы белгилүү болгон. Бул факт боюнча укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп, «экскурсия» деген шылтоо менен студенттер үгүт иш-чарасына катышканы тастыкталган.
Ал тапта Ош университетинин кызматтан алынган ректору Кудайберди Кожобековго катаал чара көрүлгөнүн айтып, анын таламын талашкандар болууда. Ректорго чыккан чечимди кайра карап чыгуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин эки депутаты президентке кайрылды. Ал ортодо Ошто ректорду ордунда калтыруу боюнча университеттин бир канча мугалими акцияга чыкты.
Бийлик бул жолу шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан, жоопкерчиликке да тартылат деп убада берип, «шайлоону дүйнө таң калгыдай кылып таза өткөрүү» аракетин көрөрүн жарыялаган.
Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда «Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка да кол койгон.
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү 29-ноябрда башталган. 10-ноябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясынын арыз-даттануулар боюнча реестрине жалпы 61 арыз катталган.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет шайлоо аралаш система менен өтөт. Жогорку Кеңештеги 90 депутаттык орунга 54 депутат саясий партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.