10:22
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өрт кырсыгы. Бир суткада 2 киши каза тапты

Өткөн суткада 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкектин Свердлов районундагы Маяковский көчөсүндөгү күйүп кеткен үйдөн 45 жаштар чамасындагы адамдын сөөгү табылган. Ошондой эле Бишкектин четиндеги Кырман жаңы конушундагы автоунаа жуучу жай жана андагы вагон өрттөнгөн. Өрт өчүрүүчүлөр вагондун ичинен кишинин сөөгү табышкан.

Учурда каза тапкандардын тек-жайы такталууда жана өрттүн себеби иликтенип жатат деди министрлик.

Эң көп окулган жаңылыктар