05:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 124 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 28-октябрга карата коронавирус дагы 124 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 64, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 29, Талас облусуна — 3, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 55, Чүй облусунда — 28, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 878 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 782 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 705 бейтап, амбулатордук түрдө 699 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 989 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 402 киши айыгып чыкса, 2 миң 664 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар