22:30
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Президенттин администрациясында жаңы бөлүм ачылды. Ал кырдаалды көзөмөлдөйт

Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борбору түзүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, жаңы бөлүм министрлер кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү, ошондой эле аналитикалык маалыматтарды ыкчам даярдоо максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров Кырдаалдык борбор аркылуу өкмөт жетекчилери аймак башчылары менен түздөн-түз байланышып турарын айткан. 

Эң көп окулган жаңылыктар