10:10
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өкмөт пенсия жана жөлөк пулдарды убагында төлөп берүүнү убадалайт

Бардык кепилденген социалдык төлөмдөр, анын ичинде пенсиялар өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөнүп берилет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта пенсиялар убагында төлөнөрү айтылат.

«Социалдык фондунун маалыматы боюнча, 2020-жылдын декабрь айы үчүн пенсияларды төлөөгө керектөөлөр 4156, 0 млрд сом суммасын түзөт. Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрына карата пенсияларды төлөө 95 %га каржыланган жана жакынкы күндөрү белгиленген графикке ылайык, бардык пенсиялар толук көлөмдө каржыланат», — дейт өкмөт.

2021-жылдын январында да пенсияларды каржылоо өз учурунда жана толук көлөмдө ишке ашырылары айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар