13:53
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Кыргыз демимин» деген Гүлзат Мамытбек кармалды

Бишкекте блогер жана ишкер Гүлзат Мамытбек деген ат менен белгилүү болгон Гүлзат Алымкулова алдамчылыкка шектелип кармалды.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Биринчи май райондук ИИБге 7 жаран арызы менен кайрылып, анда алар ишенимге кирип, кыска мөөнөттө ири кирешени убада кылып, алардан акча алып изин жашырып кеткен Г.А. аттуу жаранга карата тиешелүү чара көрүп берүүнү өтунүшкөн. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң долларды түзөт.

Аталган фактылар Биринчи май райондук ИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен каттоого алынган.

Алынган маалымат боюнча, жаран Г. А. 2020-жылдын февраль айынын башында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен.

2020-жылдын 8-июнунда жогорудагы көрсөтүлгөн фактылар боюнча Г. А. КР Жазык кодексинин 204-беренесинде каралган кылмыштарды жасаган деген шек менен сырттан билдирилген.

2020-жылдын 13-июлунда Биринчи Май райондук соту тарабынан Г. А.нын сырттан баш коргоо чарасы Бишкек шаарындагы 1-СИЗОго камакка алуу түрүндө тандалган.

2020-жылдын 8-августунда Г. А. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 237-беренесине ылайык, кылмышка шектүүнү издөөгө байланыштуу убактылуу токтотулган.

2021-жылы 25-октябрда жаран Г. А. Кыргызстанга келгенде кармалып, Биринчи май райондук ИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, камакка алынды.

Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар