02:43
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 112 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 26-октябрга карата коронавирус дагы 112 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 43, Чүй облусунда — 42, Ош облусунда - 2, Талас облусуна — 3, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 7, Баткен облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 99 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 38, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда — 24, Ош облусунда - 2, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда — 26, Жалал-Абад облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 876 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 773 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 680 бейтап, амбулатордук түрдө 687 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 741 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 196 киши айыгып чыкса, 2 миң 658 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума