12:09
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкек — Ош жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

2021-жылдын 22-октябрь күнү саат 09:00дөн баштап Чүй облусунун Бишкек-Ош багыты боюнча Сосновка айылынан Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуулары аркылуу баардык оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына жана Жалал-Абад облусунун "Чычкан" постунан Ош-Бишкек, Өтмөк ашуусу Талас-Бишкек багыттары боюнча баардык транспорт каражаттарынын кыймылына, аба ырайынын кескин өзгөрүп каардын калың жаап, бороон болуп транспорт каражаттарынын кыймылына коркунуч жараткандыгына байланыштуу убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында жана Суусамыр жолунда инерттүү материалдарды себүү жана жолдун кыймылдуу бөлүгүндө тазалоо, карды жыйноо иштер жүрүүдө. Убактылуу коюлган чектөөлөр тазалоо иштери бүткөндөн кийин калыбына келтирилет.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаа сүйүүчүлөрдөн жана оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларын түшүнүү менен кабыл алып, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурунда жогорудагы багыт боюнча пландаштырылган кыймылын кийинкиге калтырууну жана транспорт каражаттарынын дөнгөлөктөрүн кышкы мезгилге алмаштырууну, ашуу аркылуу жолго чыгууда керектелүүчү шаймандарды даярдап алууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар