02:26
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 125 кишиден вирус аныкталып, 4 бейтап каза болду

Кыргызстанда 22-октябрга карата коронавирус дагы 125 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 58, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда — 36, Ош облусунда - 5, Талас облусуна — 2, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 60 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 35, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 9, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 3 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында 4 бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 872 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 764 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 639 бейтап, амбулатордук түрдө 622 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 348 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 875 киши айыгып чыкса, 2 миң 647 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума