18:03
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 114 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 21-октябрга карата коронавирус дагы 114 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 54, Чүй облусунда — 36, Талас облусуна — 4, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 60 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 35, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 9, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 3 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 871 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 761 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 640 бейтап, амбулатордук түрдө 560 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 223 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 875 киши айыгып чыкса, 2 миң 643 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар