11:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

9 айда 37 өзгөчө кырдаал катталып, 90 адам каза тапты

Жыл башынан бери өлкө аймагында 37 өзгөчө кырдаал катталып, андан 90 адам каза тапкан. Бул тууралуу маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Анын айтымында, жети ири жол кырсыгынан 44, 17 селден 10, Баткендеги чек ара жаңжалынан 36 адам көз жумган.

«Өткөн жылга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдар 22 пайызга көп болду. Ага жаз, жай жана күз айларындагы кургакчылык, нөшөрлөгөн жаандан улам жүргөн селдин саны жогору болгону себеп болду», — дейт ал.

Ахматов тогуз айдын ичинде 2 миң 299 өрт кырсыгы катталып, келтирилген зыяндын суммасы 602 млн сомду түзөрүн белгилейт. Жалпы келтирилген чыгымдын суммасы 2 млрд 530 млн 157,4 миң сомду түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар