03:45
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

COVID-19. Бир суткада 103 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 20-октябрга карата коронавирус дагы 103 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 47, Чүй облусунда — 24, Ош облусунда — 4, Талас облусуна — 4, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 49 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 23, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 11, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 3 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 867 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 757 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 604 бейтап, амбулатордук түрдө 542 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 109 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 815 киши айыгып чыкса, 2 миң 641 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар