20:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Депутат шайлоо босогосун 9 пайыз кылып калтырууну сунуштады

Депутат Айнуру Алтыбаева шайлоо босогосун 9 пайыз кылып калтырууну сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттик угууда шайлоо мыйзамдуулугуна өзгөртүүлөрдү киргизүү пакетин талкуулап жатканда айтты.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев босогону 5 пайызга чейин төмөндөтүү керек деп эсептейт.

«Шайлоо босогосунун төмөн болушу шайлоо процессине көп партияларды тартууга жардам берет. Бул саясий идеялардын атаандаштыгын өстүрөт», -деди ал. Бирок, Айнуру Алтыбаева 9 пайызды калтырууну туура дейт. Айтымында, ошондо Жогорку Кеңешке элдин колдоосуна ээ болгон ири партиялар келет.

Эң көп окулган жаңылыктар