00:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 93 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 19-октябрга карата коронавирус дагы 93 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 49, Чүй облусунда — 31, Ош облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 12 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 74 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 42, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 16, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 866 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 752 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 571 бейтап, амбулатордук түрдө 527 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 6 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 766 киши айыгып чыкса, 2 миң 638 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар