00:52
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 68 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 18-октябрга карата коронавирус дагы 68 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 54, Чүй облусунда — 2, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 45 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 32, Чүй облусунда — 5, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 862 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 749 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 542 бейтап, амбулатордук түрдө 539 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 913 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 692 киши айыгып чыкса, 2 миң 636 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар