21:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 98 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 15-октябрга карата коронавирус дагы 98 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 74, Чүй облусунда — 11, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 94 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 39, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 20, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 5 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда бирден бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 856 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 734 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 476 бейтап, амбулатордук түрдө 576 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 681 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 501 киши айыгып чыкса, 2 миң 629 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар