06:43
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

УКМК Тайырбек Сарпашевди кайра кармады

УКМК Тайырбек Сарпашевди кайра кармады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Тайырбек Сарпашев качып кетиши мүмкүндүгү боюнча божомолдор пайда болгон.

«Анын үстүнө Тайырбек Сарпашев берген айрым көрсөтмөлөр такталган жок», — деп билдирди редакцияга.

Белгилей кетсек, мурдакы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев «Кумтөр» боюнча кылмыш ишинин алкагында айыпталып, кармалган. Тергөө менен келишимге баргандыгы үчүн кайра бошотулган. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар