17:15
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 91 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 14-октябрга карата коронавирус дагы 91 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 57, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда — 176, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 87 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 37, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 16, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 6, Баткен облусунда — 6 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 855 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 729 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 455 бейтап, амбулатордук түрдө 596 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 583 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 407 киши айыгып чыкса, 2 миң 627 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар