12:32
USD 89.47
EUR 96.43
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 93 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 12-октябрга карата коронавирус дагы 93 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 51, Чүй облусунда — 21, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 6, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 112 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 50, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 22, Ош облусунда — 9, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 6, Баткен облусунда — 3 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда бирден бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 850 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 716 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 442 бейтап, амбулатордук түрдө 671 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 429 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 198 киши айыгып чыкса, 2 миң 622 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар