21:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 57 кишиден вирус аныкталып, 1 бейтап каза болду

Кыргызстанда 11-октябрга карата коронавирус дагы 57 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 40, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 2, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 67 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 34, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 11, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 847 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 708 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 458 бейтап, амбулатордук түрдө 680 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 338 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 86 киши айыгып чыкса, 2 миң 620 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар