19:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 84 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 8-октябрга карата коронавирус дагы 84 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 45, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 24, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 77 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 31, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 22, Ош облусунда - 3, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 6, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек менен Ысык-Көл облусунда бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 440 бейтап, амбулатордук түрдө 703 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 120 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 873 киши айыгып чыкса, 2 миң 616 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар