10:57
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 104 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 6-октябрга карата коронавирус дагы 80 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 69, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 18, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 84 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 42, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 14, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек менен Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 451 бейтап, амбулатордук түрдө 690 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 36 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 796 киши айыгып чыкса, 2 миң 614 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби