21:56
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Бир суткада 69 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 5-октябрга карата коронавирус дагы 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 32, Чүй облусунда — 21, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 6 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 84 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 36, Чүй облусунда — 19, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкекте эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 451 бейтап, амбулатордук түрдө 684 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 842 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 676 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 852 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 622 киши айыгып чыкса, 2 миң 610 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума