13:09
USD 87.45
EUR 91.15
RUB 0.88

Тыныбекова менен Акматалиев күрөш боюнча чемпионаттын жарым финалына чыгышты

Айсулуу Тыныбекова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында таймаштарын жеңиш менен баштады. Ал 62 килограмм салмакта алгач жапониялык Нонока Озаки менен күч сынашып, 6:4 эсебинде жеңишке жетти.

1-айлампада алгач төрт упайды удаасы менен жапониялык балбан кыз алды. 2-айлампада Тыныбекова алты упайды эсебине жазып жеңишке жетти. Тыныбекова алдыда чейрек финалда белорусиялык Вераника Иванова менен беттешет.

28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын алтын жана коло байгесинин ээси. Олимп оюндарында күмүш медалын тагынган (Токио-2020). Азиянын төрт жолку чемпиону.

Бул күнү Тыныбековадан сырткары эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмакта күч сынашып, алгачкы атаандашын жеңгени белгилүү болду. Ал алгач 1/16 финалда шриланкалык балбанды Анил Нирошан Мунасинье Каруна Пели Гедераны 10:0 эсебинде утту. Алдыда 1/8 финалда армениялык Арман Андреасян менен күрөшөт.

Бүгүн, 4-октябрда эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов коло байге үчүн күчүн сынайт. Азырынча атаандашы белгилүү боло элек. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-январь, бейшемби