20:05
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Марипов Баткенди кайра курууга жумшалган ар бир сомго отчет берүүнү тапшырды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялардын натыйжасында жабыркаган Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңейтилген кеңешмеси өттү.

Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери  Баткен облусундагы учурдагы абал жана аткарылган иштер тууралуу отчет берди. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алды.

«Күз ортолоп калды, жакынкы күндөрдө суук түшүшү күтүлүүдө, бирок мамлекеттик жана жеке менчикти толук калыбына келтирүү иштери аягына чыга элек. Каражат толугу менен бөлүнүп берилген, бардык курулуш иштерин бүткөрүү үчүн максималдуу күч жумшалышы керек»,- деп белгиледи Улукбек Марипов.

Андан соң жарандардын жана юридикалык жактардын мүлкүнө келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча маселелер каралып, Министрлер Кабинетинин Төрагасы жабыр тарткан ишкерлерге каражат бөлүүнү тездетүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Улукбек Марипов Экономика жана финансы министрлигине мамлекеттик бюджеттен, ошондой эле жеке жана эл аралык уюмдар жана кызыкдар жарандар аркылуу бөлүнгөн каражаттар жөнүндө коомчулукка толук маалымат берүүнү тапшырды.

«Биз ар бир сом үчүн отчет берүүбүз керек, бардык финансылык чыгымдар ачык болушу кажет», - деп белгиледи Улукбек Марипов.

Эң көп окулган жаңылыктар