Мурдакы президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси Элмырза Сатыбалдиев парламенттик шайлоого катышат. Ал бир мандаттуу округтан катталуу үчүн арыз жолдоду. Бул тууралуу Боршайком билдирди.
Элмырза Сатыбалдиев № 12 шайлоо округу аркылуу ат салышат.
Белгилей кетсек, Элмырза Сатыбалдиев Курманбек Бакиевдин учурунда бир топ жогорку кызматтард ыаркалаган. «Кызматтык абалына кыянаттык» беренеси менен соттолгон.