04:13
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 88 кишиден вирус аныкталып, 2 киши каза болду

Кыргызстанда 30-сентябрга карата коронавирус дагы 88 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 54, Чүй облусунда — 15, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 104 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 35, Чүй облусунда — 25, Ош шаарында — 6, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 19, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 3 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкекте жана Баткен облусунда бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 808 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 829 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 654 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 532 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 206 киши айыгып чыкса, 2 миң 607 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума