10:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 58 кишиден вирус аныкталып, 2 киши каза болду

Кыргызстанда 28-сентябрга карата коронавирус дагы 58 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 30, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 14, Ош облусунда — 2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 10 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 93 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 34, Чүй облусунда — 29, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 17, Жалал-Абад облусунда — 6, Баткен облусунда — 4 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Чүй облусунда жана Бишкек шаарында бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 476 бейтап, амбулатордук түрдө 811 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 826 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 644 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 375 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 5 киши айыгып чыкса, 2 миң 604 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар