20:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 59 кишиден вирус аныкталып, 2 киши каза болду

Кыргызстанда 27-сентябрга карата коронавирус дагы 59 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 33, Чүй облусунда — 9, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 64 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 35, Чүй облусунда — 15, Ош облусунда — 1, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 4 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Чүй облусунда эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 491 бейтап, амбулатордук түрдө 844 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 825 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 640 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 317 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 912 киши айыгып чыкса, 2 миң 602 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар